Ысык-Көлдө самогон өндүргөн цехтердин ишине бөгөт коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Ысык-Көлдө жасалма алкоголь өндүргөн цехтердин ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 3

Ысык-Көлдө жасалма алкоголь өндүргөн цехтердин ишине бөгөт коюлду

2 / 3

Маалыматка ылайык, аталган цехтер калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизген контрафактылык алкоголду чыгарганы такталды

3 / 3

Учурда уюштуруучуларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды

Маалыматка ылайык, аталган цехтер калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизген контрафактылык алкоголду чыгарганы такталды.
"Ичимдик атайын жабдууларды колдонуу аркылуу мыйзамсыз өндүрүлгөн, өндүрүштүк стандартка жооп бербейт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда уюштуруучуларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.
Нарколог: антибиотик менен ичимдик аралашканда организм ууланат