БИШКЕК, 8-май — Sputnik. УКМК социалдык тармактардагы "алтын куймалар чет өлкөгө сатылып жатат" делген видео жалган экенин жана ал өлкө жетекчилигин каралоо үчүн таратылганын билдирди.
Мекеме тараткан маалыматта бул чагымчыл видеотасманы даярдоого чет өлкөдө жүргөн, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга айыпталган айрым жарандар тартылганы белгиленген.
"Социалдык түйүндөрдө алтын куймалары бар кандайдыр бир жүк тууралуу чагымчыл видео тарап, анда белгисиз адам алар Кыргызстандын саясий жетекчилиги менен туугандык байланышы бар адамдарга таандык экенин белгилеген", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле атайын кызмат өлкө жетекчилигин каралоо жана өлкөнүн стабилдүүлүгүнө коркунуч жаратуу үчүн социалдык тармактарда максаттуу түрдө жалган маалыматтар таратылып жатканына токтолгон. Бул өз кезегинде коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн экендиги айтылган.
"УКМК жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганын, интернет-колдонуучуларды бул факт боюнча чагымчыл сөздөрдү таркатпоого чакырат. Ошондой эле атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн каралган кылмыш жоопкерчилигин эскертет", — деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, буга чейин социалдык тармактарда "бул алтын куймалар" делген видео тараган. Анда кадр сыртындагы адам "Сабыр аба" деп кайрылып, жүктү кабыл алып, жөнөтүп жатканын айткан.