Аламүдүн капчыгайынан россиялык үч турист изделүүдө

Жоголгон эс алуучулардын экөө 62, ал эми бирөө 58 жашта экенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн капчыгайынан россиялык үч турист изделип жатканын ӨКМден билдиришти.
8-май күнү ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгына Спорттук туризм федерациясы коомдук бирикмесинин башчысы кайрылган. Ал Россиядан келген үч турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына ("Теплые ключи") жөө чыгып, дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
62 жаштагы эки, 58деги бир туристти бүгүн ӨКМдин кызматкерлери издеп кеткени маалым болду.
Радио
Эми өлкөгө келген туристтер өмүрүн жана саламаттыгын камсыздандыра алат