БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Сузактагы кырсыктан бут сөөктөрү жабыркаган балага операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, квалификациялуу адистер тарабынан жасалган операция ийгиликтүү өткөн. Эске салсак, реанимацияга жалпы төрт бала түшкөн. Алардын үчөө буга чейин палатага которулган. Балдардын абалы жакшы, дарыланууну улантып жатышат. 8-майга карата Сузак районунан алып келинген жалпы 10 баланын абалы туруктуу.
Эске салсак, 2-майда Катма жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды токтоп турган Porter автоунаасы жылып кетип, сүзгөн. 48 жаштагы айдоочу машинасынын артынан чуркап, токтотконго жетишпей калганын айткан.
Кырсыктан 35тей бала жабыркап, 3-майда алардын ичинен 10 окуучу Бишкекке алып келинген. Төрт окуучу кайра жандандыруу, алтоо травматология бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми 6-май күнү жандандыруу бөлүмүндө жаткан төрт баланын үчөөнө операция жасалып, жалпы палатага которулганы белгиленген.