БИШКЕК, 8-май — Sputnik. РФтин Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин "Крокус сити холл" концерттик залындагы терактыны уюштурууга чет жакта жүрүп катышкандарды табуу боюнча иликтөө жүрүп жатканын РИА Новостиге айтып берди.
"Иликтелип жатат", — деген Нарышкин терактыны уюштурууга чет жакта жүрүп катышкандардын ким экени аныкталганы боюнча берилген соболго.
Эскерте кетсек, теракт 2024-жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген бир нече эркек киши ичинде жүргөндөргө ок чыгарып, жарылуучу заттарды ыргыткан. Анын кесепетинен 45 киши өмүрү менен коштошкон.
Бул кандуу окуяны аткарган Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализода, Фаридун Шамсиддин жана Мухаммадсобир Файзов эртеси Брянск облусунан кармалган.
Россия президенти Владимир Путин алар Украинаны көздөй качканын, чек арадан өтүп кетишине Киев тараптын "терезе" болуп бермекчи болгонун билдирген. Москва соту буларды камаган. Мындан тышкары, Дагестандан кылмышкерлерди курал-жарак менен камсыздоого катышкан делип төрт чет элдик кармалган болчу.
Президенттин айтымында, теракт радикалчыл исламчылардын колу менен жасалган. ФСБнын директору Александр Бортников мындай кандуу калабаны даярдоого башкалар да көмөктөшкөнүн айткан. Биринчи кармалгандар боюнча иликтөө Украинанын изин көрсөткөнүн, Россиянын атайын кызматы терактынын артында АКШ, Британия жана Украина турганын боолголоп жатканын билдирген.
Росфинмониторингдин башчысы Юрий Чиханчин терактыны каржылоо бир нече финансылык уюмдардын криптовалютаны колдонушу, бир катар өлкөнүн жарандарынын катышуусу менен жасалганын айткан.