Радио

Сыдыков: медиация институтунун аксакалдар сотунан эки чоң айырмасы бар

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков медиация институтуна реформа жүргүзүлүп, ал көбүнесе чарбалык, мүлктүк жана үй-бүлөлүк маселелерди карай турганын айтты.
Sputnik
Медиация институту кеңири форматта иш алып барган, Юстиция министрлигине караган орган болуп саналат. Ошол эле убакытта аксакалдар соту өздөрүнө тиешелүү мыйзам менен жөнгө салынып, кадр саясаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына карайт. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, медиация институтунун чечими юридикалык күчкө ээ болот.
"Медиация институтунун ишмердүүлүгү толук реформаланып, алардын саны учурда 300дөй болсо, атайын окутуулардан өткөн соң 1000ге жеткирүү планыбыз бар. Аталган уюм Юстиция министрлигине караштуу болуп, кеңири форматта иштейт. Ал чарбалык, үй-бүлөлүк, мүлктүк, жеке пикир келишпестиктер менен кайрылган бардык маселелерди карайт. Медиаторлор кайсы ишти караарын соттор чечет. Башкача айтканда, сотко келип түшкөн иштердин тиешелүүлөрүн алар ошол аймактагы медиаторлук бюрого жиберет. Медиаторлор үчүн атайын бөлмөлөр уюштурулат. Алар кардарлары менен алгач жеке жолугуп, андан соң маселени чечүү үчүн бирдиктүү сүйлөшүү өткөрүү менен ишти карайт. Медиация институтунун аксакалдар сотунан экинчи айырмачылыгы — алардын чечими юридикалык күчкө ээ болот. Башкача айтканда, медиатордун чечимин аткарбай жаткан тарапты экинчи тарап сот аткаруучуларга берип чечтирип алса болот", — деди Сыдыков.
Ал медиатор болуу үчүн сөзсүз эле юридикалык билим талап кылынбай турганын кошумчалады.