Радио

Кыргызстандык киберспортчулар дүйнө чемпионатына катышат

Киберспорт федерациясынын вице-президенти Тариэл Болотбеков Бишкекте киберспорт боюнча дүйнө чемпионатына бара турган командаларды, спортчуларды аныктаган мелдеш өтөрүн айтты.
Sputnik
Кыргызстандык киберспортчулар байге фонду 100 миллион долларды түзгөн дүйнө чемпионатына катышат. Ири турнир 11-19-ноябрда Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөрүн Тариэл Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ички мелдеште уткан командалар азиялык квалификациялык турнирде Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына жолдомо алуу үчүн ат салышат.
"11-19-ноябрда Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында Эл аралык киберспорт федерациясы уюштурган World Esports Championship 2024 дүйнөлүк мелдеши өтөт. Бул жылы ири турнирдин жалпы байге фонду 100 миллион долларга жетери кабарланды. Кыргызстан дүйнө чемпионатына катышуу үчүн учурда бардык даярдыгын көрүп жатат. 2023-жылы дүйнө чемпионатында PUBG Mobile дисциплинасы боюнча биздин балдар чемпион болушкан, быйылкы мелдешке жолдомосу бар. Ал эми 6-19-май аралыгы өлкөнүн Компьютердик спорт федерациясы Dota 2, Counter Strike 2, Pubg, E-Footbal, Counter Strike 2 Female дисциплиналары боюнча тандоо турун өткөрүүдө. Жеңүүчүлөр азиялык квалификациялык турнирде Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына жолдомо алуу үчүн ат салышат", — деди Болотбеков.
Ошондой эле адис Кыргызстан киберспорт боюнча тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн сап башында турарын айтты.