Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Чек арага келип калышат". Киев Россия күчтөрүнүн чабуулунан кооптоно баштады

Аналитик Россия армиясынын жаңы чектерге чыгышы Киев үчүн аскердик эле эмес, саясий жактан да оор жеңилүү болот деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. ДЭРде Очеретино поселогун алгандан кийин россиялык аскерлерге республиканын чек арасына кирип барууну кошкондо кеңири мүмкүнчүлүктөр жарала баштады. Бул туурасында Саясат анализи жана менеджмент боюнча Украина институтунун директору Руслан Бортник PolitБюро YouTube каналына берген интервьюсунда айтканын РИА Новости жазды.
"Эгерде үңүлүп карай турган болсок, бул жер (Очеретино аймагын — ред.) ээн турганын, андан ары эл жашаган жайлар дээрлик жок экендигин көрөбүз. Азыр россиялык жетекчилик башкы чабуулду кайда жасаарын аныктап жатат", — деген оюн билдирген.
Бортниктин айтымында, Россиянын жаңы чабуулдарынын багыттарынын бирин ДЭР менен Днепропетровск облусунун ортосундагы чек деп атоого болот. Аналитик Россия армиясынын бул чектерге чыгышы Киев үчүн аскердик эле эмес, саясий жактан да оор жеңилүү болот деп эсептейт.
Өткөн аптада РФтин коргоо министри Сергей Шойгу АКШ менен анын союздаштарынын эмне болгон күндө да коюлган чабуулга туруштук бергиле деген талабынан улам украин бийлиги күн сайын миңге чукул адамынан ажырап жаткандыгын айткан эле. Ал 2024-жылы Украина 111 миң аскеринен, 21 миң курал-жарак, согуштук техникаларынан ажырагандыгын белгилеген.
Апрель айында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский фронтто аскер курамы боюнча кыйын кырдаал түзүлүп жатканын билдирген. Анын айтымында, Ивановское менен Краматор багытындагы Часов Яр аймагы кан күйгөн жерлер катары калууда. Красноармейский жана Курахов тараптагы абал андан кем калбастыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Украинадагы маанилүү объектилерге койгон чабуулдары. Видео