БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуу Британия жана Европага жумушка орноштуруу боюнча алдамчылык күч алганын эскертти.
Мекеменин маалымат кызматы белгилегендей, Улуу Британияга ишке орноштуруу тартиби акысыз. Арыз берүүчү өз алдынча авиабилет сатып алып, жумуш визасы үчүн консулдук жыйымды төлөйт.
Министрлик социалдык тармактардагы таргет-жарнама аркылуу таратылган жарнактарга жана чет элдик агенттиктерге ишенбөөгө чакырган.
"Улуу Британия жана Европадан жумуш табууну каалагандар үчүн ишенимдүү мыйзамдуу булактар — Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана тиешелүү уруксаты бар агенттиктер. Алардын ишинин мыйзамдуулугун www.migrant.kg сайттынан текшерсе болот", — деп жазылган маалыматта.
Толук маалыматты Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237-үй; Ош шаары, Ленин көчөсү 221-үй даректеринде жайгашкан Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан алууга болот. Ошондой эле 1899 ыкчам жана +996 559 189 900 WhatsApp номерлери аркылуу байланышууга мүмкүндүк бар.