Жеңиш күнүнө карата Бишкектин үч көчөсү жабылат. Карта

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө карата эртең, 9-май күнү, Бишкектин бир катар көчөлөрү убактылуу жабыла турганын Кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматта үч көчөнүн бөлүктөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилери айтылган.
Фрунзе көчөсү — Абдрахмановдон Ибраимов көчөсүнө чейин;
Шопоков көчөсү — Чүй проспектинен Жумабек көчөсүнө чейин;
Ибраимов көчөсү — Чүй проспектинен Жумабек көчөсүнө чейин.
Көчөлөр түнкү саат 12:00дөн тарта майрамдык иш-чаралар аягына чыккыча жабык болот.
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары тууралуу көргөзмө өтүүдө. Видео