Жогорку Кеңеште "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери алмашты

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Адахан Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидерлигин бошотуп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова билдирди.
Маалыматка ылайык, Мадумаров соттук териштирүүгө байланыштуу фракция жетекчилигинен кетүү боюнча арыз жазган.
Фракциянын жаңы лидери болуп депутат Исхак Масалиев, орун басарлыгына эл өкүлү Эмил Токтошев шайланды.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев
Эске салсак, Гуля Кожокулова фракциянын лидеринин орун басары болуп келген.
Буга чейин Адахан Мадумаров мандатынан ажыратылган. Ага Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмү негиз болгон.
Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди