Улуу Жеңишке быйыл 79 жыл толуп отурат. Ар бир төртүнчү кыргызстандык катышкан Улуу Ата Мекендик согуштун эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында орду кандай бааланууда? Фашизм менен күрөшүүдөгү адамзатынын биримдиги жана ынтымагы келечек муунга туура жетүүдөбү? Чоң аталарыбыздын көрсөткөн эрдигин документтештирип, кийинки муундарга жеткирүүдө татыктуу иштер жүрүп жатабы?
“Кеменгер” уктуруусунун алкагында тарыхчы Саламат Малабаев менен маек курдук.