Текшерүүдө Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионаттардын мыйзамсыз деп аныкталган курулмалары буздурулууда. Аталган иш-чарага директордун орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө жана жергиликтүү аймактын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктары катышууда. Жергиликтүү бийлик да быйылкы туристтик сезонго карата бир катар жаңыланууларды киргизип, тейлөө жаатында талап өзгөрдү. Мунун менен бирге Ысык-Көлдөгү саркынды суулар маселеси да чоң көйгөй.
Андыктан ар бир пансиноат бул жагын иретке келтириши керектиги айтылган.