Жамиля» улуттук мюзикли кыргыз сахнасында

Sputnik
12-17-апрель күндөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин каржылык колдоосу менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында заманбап жана авангарддык формада «Жамийла» биринчи улуттук мюзикли көрсөтүлдү. Спектакль жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95, «Жамийла» повестинин жарыкка чыгышынын 65 жылдыгына арналып, жаздын чоӊ премьерасы болду. Биздин өлкөдө мурда таптакыр сыналбаган, музыкалык жана театралдык чыгарманын идеясы кантип жаралып калды? Мюзиклде да повесттеги баатырдык-патриоттук темасы таасирдүү чагылдырылдыбы?
Бул тууралуу чыгармадагы баш каарман Даниярдын ролун ачып берген Куралбек Чокоев менен сүйлөштүк.