Борбордо Жеңиш күнүнө карата Бишкек гарнизону салтанаттуу маршка даярданууда

Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Борбор калаада Жеңиш күнүнө карата Бишкек гарнизону салтанаттуу маршка даярдык көрүүдө.
Буга байланыштуу Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылды.
1 / 3

Борбор калаада Жеңиш күнүнө карата Бишкек гарнизону салтанаттуу маршка даярдык көрүүдө

2 / 3

Буга байланыштуу Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылды

3 / 3

Мындан тышкары, салт болуп калган автожүрүш башталды. Акциянын катышуучулары Чүй облусунун бир катар айылдарындагы Улуу Ата Мекендик согушта көз жумгандардын эстеликтерине барып, кечке жуук кайра Жеңиш аянтына келишет

Мындан тышкары, салт болуп калган автожүрүш башталды. Акциянын катышуучулары Чүй облусунун бир катар айылдарындагы Улуу Ата Мекендик согушта көз жумгандардын эстеликтерине барып, кечке жуук кайра Жеңиш аянтына келишет.
Эскерте кетсек, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленет.
Москвадагы Белгисиз жоокердин бейитинде жанган отту Панфилов дивизиясы кабыл алды