Көчкү кооптуулугунан улам Жалал-Абадда 10 үй-бүлө көчүрүлдү

Жалал-Абад облусундагы кооптуу деп эсептелген 1 020 аймакта 1 067 үй-бүлө жашаары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Аксы районундагы Жүзүмжан айылында эски көчкү активдешип, кооптуу аймактагы 10 үй-бүлө башка жакка көчүрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
1 / 2

Аксы районундагы Жүзүмжан айылында эски көчкү активдешип, кооптуу аймактагы 10 үй-бүлө башка жакка көчүрүлүүдө

2 / 2

Маалыматка ылайык, элди коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылган. Ал эми ӨКМ абалга ошол жерде туруп көзөмөлдөөдө

Маалыматка ылайык, элди коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылган. Ал эми ӨКМ абалга ошол жерде туруп көзөмөлдөөдө.
ӨКМ белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы кооптуу деп эсептелген 1 020 аймакта 1 067 үй-бүлө жашайт.
Жыл сайын жаз-жайда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга эскертүү баракчалары берилери кошумчаланды.
Радио
Кыргызстанда табигый кырсыктын кооптуулугу күч аймакта 3 800 үй-бүлө жашайт