Радио

Веткызмат: тамак-аш коопсуздугу боюнча тиешелүү ишканалар текшерилет

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ички ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Табалдиев тамак-аш коопсуздугун сактабай мыйзамсыз иштеген ишкерлерге тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтты.
Sputnik
"Тамак-аш коопсуздугу жөнүндө" жана "Тамак-аш азыктарын маркалоого байланыштуу" техникалык регламентке кирген өзгөртүүлөр өндүрүлгөн тамак-ашты экспорттоо жана импорттоодо анын жарактуу мөөнөтүн 36 айга чейин узартты. Бул тууралуу Тилек Табалдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, товарды маркалоодо жарактуу мөөнөтүн жана анын курамын көрсөтүү маанилүү.
"Маркалоо чечимдерине киргизилген өзгөртүүлөр ички рыноктогу товарлардын эркин жүрүшүнө шарт түзөт. Анткени мындан ары өндүрүүчүнүн же импорттоочунун реквизиттери өзгөргөн учурда товар сатуунун узактыгы 36 айга узартылды. Бул убакыт айрым товарлардын жарактуу мөөнөтүнөн да көп. Буга чейин биздин ишкерлер товарды экспорттоодо кыйынчылыктарга дуушар болуп келсе, мындан ары киргизилген жаңы мыйзам ишкерлерибиздин ишин жеңилдетет деп ишенебиз. Андан сырткары, тамак-аш өндүрүүчү ишканаларга пландык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Тамак-аш коопсуздугун сактабай, мыйзамсыз иш алып барган ишкерлерге тиешелүү чаралар көрүлөт", — деди Табалдиев.
Ал товарды маркалоо контрабандалык иш-аракеттерди алдын аларын кошумчалады.