Бишкекте Ленинград блокадачыларын шаңдуу куттукташты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Свердлов районунун администрациясы блокадачы ардагерлерди куттуктады. Бул тууралуу аталган акимчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин үйүнөн куттуктоо салтка айланган.
"Улуу Жеңиштин 79 жылдыгын утурлай Свердлов районунун башчысы Алтынбек Кутманов облустун аскер комиссары Залкар Кылычбеков менен бирге Коргоо министрлигинин үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда райондо жашаган Ленинград блокадачыларын үйлөрүнө барып куттукташты", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле блокадачы ардагерлерге куттуктоо тамак-аш себеттери жана акчалай сертификаттар тапшырылганы кошумчаланды.
Борбордо Жеңиш күнүнө карата Бишкек гарнизону салтанаттуу маршка даярданууда