Өлкөдө 17,8 млн сомго сериал тартуу пландалууда. Тендер жарыяланды

"Тайган туйгун" аталышындагы детектив жанрындагы сериал тартуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу мерчемделген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда 17,8 миллион сомго сериал тартуу пландалууда. Ал үчүн Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин "Кыргыз сериал" мамлекеттик мекемеси тендер жарыялаган.
Маалыматка ылайык, көркөм чыгарма детектив жанрында болуп, сметалык баасы 17 миллион ​​881 миң 817 сомду түзөт.
Анда бекитилген сценарийдин негизинде "Тайган туйгун" көркөм сериалын уюштуруу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр сатып алынары белгиленген.
Тендердик сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 10-май.
Радио
Акунова: "Кыргыз сериал" баалуулуктар боюнча 12 ролик тартты