Путин: Россия элинин коопсуздугу мен үчүн баарынан маанилүү

Путин Россия Федерациясын эми 2030-жылга чейин башкарат. Инаугурация Кремлдеги чоң сарайда өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин президенттик кызматына расмий киришип жатып Россия элинин коопсуздугу, кызыкчылыгы баарынан жогору болорун айтты.
"Россия элинин кызыкчылыгы менен коопсуздугу мен үчүн мындан ары да баарынан маанилүү болоруна ишендирип кетем", — деди инаугурацияда сүйлөп жатканда.
Президент Россия эли бир бүтүндүктү түзөрүн айткан.
"Биз — биримдикте жашаган улуу элбиз. Биргеликте бардык кыйынчылыктарды жеңип, пландаган, ойлогондорубузду ишке ашырабыз. Биргеликте баарын жеңебиз", — деген Путин.
Ал россиялыктар оор күндөрдөн өтүп мындан дагы күчтүү болорун белгилеген.
"Бул оор учурлардан татыктуу өтөбүз, дагы күчтөнөбүз жана узак мөөнөткө койгон пландарыбыз менен масштабдуу долбоорлорубузду ишке ашырабыз. Өнүгүүгө койгон максаттарыбызга жетебиз, ири алдыда бул — элди сактоо", — деген ал.
Эске салсак, бүгүн Путин ант берип, Россия президентинин кызматына расмий киришти. Салтанаттуу иш-чара Кремлдеги чоң сарайда өттү. Мамлекет башчы Россияны кезектеги мөөнөтү аяктаганга дейре, 2030-жылга чейин башкарат.
Россиядагы президенттик шайлоо 2024-жылдын 15-17-мартында болуп, жыйынтыгында Путин шайлоочулардын добушунун 87,28 пайызын алып, атаандаштарын жеңген.
Владимир Путин ант берип, президенттик кызматына расмий киришти