Владимир Путин ант берип, президенттик кызматына расмий киришти

Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин салтанаттуу ант берип, президенттик кызматына расмий киришти.
Инаугурация аземине Путин иш бөлмөсүнөн жаңыртылган Aurus Senat менен келди. Жаңыртылган Aurus Senat ушул жылы колдонулушу күтүлүүдө.
Мамлекет башчы Россияны кезектеги мөөнөтү аяктаганга дейре, 2030-жылга чейин башкарат. Инаугурация Кремлдеги чоң сарайда өттү.
Эске салсак, Россиядагы президенттик шайлоо 2024-жылдын 15-17-мартында болуп, жыйынтыгында Путин шайлоочулардын добушунун 87,28 пайызын алып, атаандаштарын жеңген.
Путиндин жардамчысы 9-майдагы парадга кайсы өлкөнүн лидерлери келерин айтты