Путин чокусундагы акция, "Өчпөс полктун" кезектеги арышы. Видео

"Өчпөс полк" боюнча акция Кыргызстанда тоо койнунда өттү. Коомдук ишмерлер менен альпинисттер тобу муну Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына жана Россия президентинин инаугурациясына арнашты.
Sputnik
Путин чокусунун бийиктиги 4 446 метр, "Өчпөс полк" биринчи ирет мындай бийиктикте өтүп жатат.
Активисттер Жеңиш туусун сапар алдында Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомундагы ардагерлерден алышкан. Иш-чаранын катышуучулары бабаларынын сүрөтү түшүрүлгөн кийим менен сапарга чыгып, Ак-Сай капчыгайынан ат менен өтүп, алгач лагерге түнөп, 6-майдын таңында чокуга көтөрүлүшкөн.
Алар тууну чокуга 10 сааттык жолду басып өтүп барып, анан сайышкан. Жүрүш эки күнгө уланды. Активисттер согуш жылдарындагы ырларды аткарып, майрамдык салют атышкан. Акцияны ЖК депутаты Марлен Маматалиев, президенттин кеңешчиси Руслан Кыдырмышев жана КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова колдогон.