Жазуучу коомдон алдыда жүрүшү керек. Ал өзү биринчи кезекте китепкөй, акыл-парасаты терең адам болуп, эмнени жазып жатса ошону мыкты түшүнүшү зарыл. Мындай пикирин Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурдагы жазуучулар окурманга жаңы идея бере албай келишет.
"Учурда коомдун китеп окубай калганынын бир эле себеби бар. Ал — чыгармалар окурманды ойгото албаганында. Башкача айтканда, көбүрөөк күнөө бизде, калемгерде болууда. Азыр эми заман өзгөрдү. Мурдагыдай том-том китептерди эч ким окубай калды. Окурманга жаңылык бере албай жатабыз. Өзүбүз коомдун алдында болуп, идея таштай албай жатабыз. Мына ушундай чыгарма жазылса окурмандар талап эле кетет. Экинчи маселе сапаттуу жазылган чыгарманы жайылтууда. Аймактарды кыдырып, окурмандар менен жолугушуп, күпүлдөп ыр окуп элдин аң-сезимине жандуу адабиятты сиңирүүдө жатат. Албетте, үчүнчү маселе каражатка келип такалат. Ошентип эл кыдырып ыр окуганга да, көп нускада китеп басып чыгарганга да каражат керек. Анткен менен мыкты чыгармалар жаралса, анын элге жете турган жолу өзү эле табылат, — деди Калыбеков.
Ал жазуучуда биринчи кезекте өзүнүн чыгармасына болгон сын мамиле курч болуусу зарылдыгын жана жараткан продукциясын профессионалдарга сындата билүүсү керектигин кошумчалады.