Жыл ичинде өлкө банктарындагы депозиттердин көлөмү 113 млрд сомго өстү

Учурдагы көлөм рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Бул февраль айынын аягына салыштырмалуу дээрлик 17 миллиард сомго көп.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Марттын соңуна карата Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 465 миллиард 739,9 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылган.
Эске салсак, буга бир гана депозиттин (кыска мөөнөттүү жана керектөөгө чейинки) өзү эле эмес, банктык эсептеги акчанын көлөмү да кошулат. Кеп юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле чет элдиктердин эсеби тууралуу болуп жатат.
Учурдагы көлөм рекорддук көрсөткүч болуп саналат, бул февраль айынын аягына салыштырмалуу дээрлик 17 миллиард сомго көп. Акыркы жылдары депозиттик базанын көлөмү активдүү өсүүдө. Салыштыра турган болсок, 2023-жылдын март айынын аягында көлөм 352,9 миллиард сом болчу.
Кыргызстанда депозиттердин өзгөчөлүктөрү, артыкчылык жана терс жактары. Кеп-кеңеш