Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мамдепартамент Байден Украинага аскер жөнөтпөсүн айтты

Конгресстеги демократиялык азчылыктын лидери Хаким Жеффрис америкалык аскерлердин Украинадагы чатакка катышарын четке какпай тургандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден америкалык аскер күчтөрү Украинага жиберилбей тургандыгын айтты. Бул туурасында Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Конгресстин билдирүүсүнө комментарий жасабайм. Президент АКШнын аскерлерин Украинага согушка жөнөтпөй тургандыгын түшүнүктүү кылып айтты", — деген Миллер брифинг учурунда РИА Новостинин журналисти берген суроого жооп кылып жатып.
Буга чейин Америка Конгрессиндеги демократиялык азчылыктын лидери Хаким Жеффрис америкалык аскерлердин Украинадагы чатакка катышарын четке какпай тургандыгын билдирген. Анын айтымында, эгерде Киев жеңилүүгө дуушар болсо, Вашингтон өлкөнүн жок болуп кетишине жол бере албагандыктан жогорудагыдай сценарий да болуп кетиши мүмкүндүгүн боолгологон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМКлар Киевге берилчү жардамдын кечиктирилишинин кесепети тууралуу жазышты