Дарыгерлер акыркы учурда Кыргызстанда бронх астмасы менен жабыркагандардын саны өскөнүн айтып жатышат. Буга экологиянын бузулушу башкы себеп экенин айткан адистер илдетке олуттуу мамиле жасоо керектигин белгилешүүдө. Sputnik Кыргызстан радиосунун “Ачык кеп” уктуруусунда Куралдуу күчтөрдүн башкы терапевти, жогорку категориядагы дарыгер, пульмонолог Бермет Естебесова менен бронхиалдык астма оорусу жана аны алдын алуунун жолдору тууралуу маек курдук.