ЖМК: АКШ Израилге аскердик жардам берүүнү токтотту

Тель-Авивге жасалган көмөк өткөн аптада эле токтогону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Вашингтон ХАМАСтын Израилге койгон чабуулунан кийин биринчи ирет Тель-Авивге ок-дары берүүнү токтотту. Бул туурасында РИА Новости Axios порталына таянып билдирди.
Маалыматта Израилге жасалган көмөк өткөн аптада эле токтогону айтылат.
ЖМКлардын билдиргенине караганда, мындай нерсе 2023-жылдын октябрынан тарта, тагыраагы, ХАМАС чабуул койгондон бери биринчи ирет болду. Бул Израиль өкмөтүн бир топ түйшөлдүрүп жатканы айтылууда.
АКШ президенти Жозеф Байден Израиль премьери Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөндө Тель-Авив элге келтирилген зыянды жоюу, гуманитардык азаптарды азайтуу жана коопсуздукту камсыздоо үчүн бир катар конкреттүү, конкреттүү жана өлчөнгөн кадамдарды жай жарандарга жарыялап ишке ашыруусу керектигин белгилеген. Андан сырткары, гуманитардык уюмдардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого да токтолгон.
БУУ: Израилдин Рафахтагы операциясы Газа секторунун элин дагы азапка салат