Президент Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын капсуласын салды

Айыл 38 гектарга жайгашып, бардык социалдык инфраструктурасы менен болору белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Садыр Жапаров Жаңы-Барак айылынын түптөлүшүнө "мезгил кутусун" салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, аталган айыл Барак эксклавынан көчүп чыккан кыргызстандыктар үчүн салынууда.
1 / 5

Садыр Жапаров Жаңы-Барак айылынын түптөлүшүнө "мезгил кутусун" салды

2 / 5

Билдирүүгө ылайык, аталган айыл Барак эксклавынан көчүп чыккан кыргызстандыктар үчүн салынууда

3 / 5

Президент Барак тургундарын Кыргызстандын жаңы аймагына көчүрүү алардын жашоо шартын жана жай турмушун жакшыртууга карай маанилүү кадам болорун баса белгиледи

4 / 5

Планга ылайык, айылдын курулушуна 38 гектар жер каралган

5 / 5

Башкы планда 164 жаранга турак үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер тилкесин берүү, 101 жаңы үйдүн курулушу, ошондой эле жаңы айылдын тургундарынын жашы жеткен балдарына жер участокторун бөлүп берүү каралган

Президент Барак тургундарын Кыргызстандын жаңы аймагына көчүрүү алардын жашоо шартын жана жай турмушун жакшыртууга карай маанилүү кадам болорун баса белгиледи.
Планга ылайык, айылдын курулушуна 38 гектар жер бөлүнгөн. Башкы планда 164 жаранга 101 турак жай куруу үчүн 8 сотыхтан жер тилкесин берүү, ошондой эле жаңы айылдын тургундарынын жашы жеткен балдарына жер участокторун бөлүп берүү каралган. Үйлөрдүн курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда.
Ошондой эле мектеп, медпункт жана башка социалдык инфраструктура болору белгиленди.
Садыр Жапаров Ошто туруп бир маалда 10 мектеп, эки бала бакчаны ачты