Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат

ЕАЭБдин саммитинде макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 8-9-майда иш сапары менен Россияга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчы ЕАЭБдин юбилейлик саммитине жана Москвадагы Жеңиш парадына катышат.
"Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда мамлекет башчылары "2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясынын өнүгүүсү жана ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча баяндамаларды угушат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын ичинде "ЕАЭБ жана Вьетнамдын ортосунда товарлардын жасалган жерин сертификациялоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө" протоколдун долбоорун жактыруу пландаштырылууда", — деп белгиледи Азымбакиев.
Ошондой эле ал "Евразия экономикалык биримдигине — 10 жыл" медалын уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.
Гитлерчилерден коргоп калган бүлөнү 29 жылдан соң тапкан кыргыз жоокер. Сүрөт баян