БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Владимир Путин Михаил Мишустин жана ал жетектеген Россиянын өкмөтүнүн курамына кесипкөйлүгү, жоопкерчилигин сезгендиги үчүн ыраазылык билдирди.
7-майда президенттин инаугурациясынан кийин өкмөт толук ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, министрлер кабинетинин мүчөлөрү “милдетин аткаруучу” макамы менен иштеп турат.
"Бүгүн мен буга чейинки биргелешкен ишиңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык билдирүү үчүн келдим", — деди Путин министрлер менен жолугушууда.
Ал улуттук өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн өкмөттүн ишинде ырааттуулук болушу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле президент Россияга каршы экономикалык агрессия учурундагы министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө баа берди.
“Биз кабылган санкциялардын максаты бир — Россияны саясий, экономикалык жактан жок кылуу. Эмгек жамааттарында көйгөйлөрдү күчөтүү, жумушсуздукту көбөйтүү, ишканаларды жана бүтүндөй тармактарды жабылуусуна алып келүү. Бирок биздин каршылаштардын ою ишке ашпай калды, натыйжа алар күткөндөн тетири болду. Өткөн жылы Россиянын экономикасы дүйнөлүк деңгээлден жогору өстү”, — деди мамлекет башчы.