КРСУда "Тынчтык үчүн жеңиш" аталышындагы жаштар фестивалы өттү

КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов ата-бабалардын эрдигин эскерүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде "Тынчтык үчүн жеңиш" аталышындагы жаштар фестивалы өттү. Бул тууралуу КРСУнун маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында студенттер тарабынан ыр, бийлер тартууланды.
1 / 4

Кыргыз-Россия Славян университетинде "Тынчтык үчүн жеңиш" аталышындагы жаштар фестивалы өттү

2 / 4

Иш-чаранын алкагында студенттер тарабынан ыр, бийлер тартууланды

3 / 4

КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов ата-бабалардын эрдигин жана тынчтыкты орнотууга умтулуусун эскерип туруунун маанилүүлүгүн белгиледи

4 / 4

Фестиваль бир гана чыгармачылыктын майрамы болбостон, тынчтыктын жана биримдиктин баалуулугун эске салган маанилүү кадам болду

КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов ата-бабалардын эрдигин жана тынчтыкты орнотууга умтулуусун эскерип туруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Фестиваль бир гана чыгармачылыктын майрамы болбостон, тынчтыктын жана биримдиктин баалуулугун эске салган маанилүү кадам болду. Анын уюштуруучулары жана катышуучулары муундардын эрдигин эстен чыгарбоого чакырат. Эч ким, эч нерсе унутулбайт!" — деп белгилешти КРСУдан.
Мамдуманын депутаттары КРСУну колдоого даяр