Боомдо таш кулатылып, унааларга жарым-жартылай чектөө киргизилет

Таш саат 9:00дөн 15:00гө чейин жол жабылгандан кийин кулатылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымындагы Боом капчыгайында 7, 8, 10, 11-май күндөрү таш кулатылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматкерлер жолду саат 9:00дөн 15:00гө чейин жарым-жартылай тосот. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге чыгарылат.
Ишкана жолго чыга тургандарды каттамды алдын ала пландап алууну эскертип, таш автоунаа жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында кулатылып жатканын белгиледи.
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алган кыз-келиндердин саны өсүүдө. Статистика