Бишкекте согуш жылдарындагы ырлар жаңырды. Видео

Иш-чара Бишкектеги хореографиялык окуу жайда болду.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Борбор калаада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн утурлай концерт болуп өттү.
Иш-чара Бишкектеги Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайда болду.
Согуш жылдарындагы ырларды угуу үчүн Ленинград блокадасынан аман калгандар, балалыгы согуш учуруна туш келгендер, студенттер жана бир нече муундагылар чогулган. Аларга баатырдык, каармандык, өчпөгөн үмүт тууралуу баяндаган ырларды сынактарды жеңип алган студенттер тартуулашты. Коноктордун арасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова жана генерал-полковник Абдыгул Чотбаев болду.
Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат