Бишкекте 19-майда One Run жарым марафону өтөт

Ал күнкүгө Россия, Беларусь, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстанда да ушундай эле жарыш пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкекте 19-майда өтө турган One Run жарым марафонуна эки миңдей адам катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал күнү Россия, Беларусь, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстанда да ушундай эле жарыш пландалган.
Спорт сүйүүчүлөр үчүн 5, 10 жана 21,1 чакырымдык аралык каралган. Ошондой эле кичинекей балдар да бир чакырымга чуркашат.
Ал эми маршрут шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу өтөрү белгиленди.
Мыктыбек Оролбай уулу Элвес Бренерди ишенимдүү жеңди. Видео