Москвадагы Белгисиз жоокердин бейитинде жанган отту Панфилов дивизиясы кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Москвадагы Белгисиз жоокердин бейитинде жанган Эскерүү оту Кыргызстандагы Панфилов дивизиясына өткөрүп берилди.
1 / 3

Москвадагы Белгисиз жоокердин бейитинде жанган Эскерүү оту Кыргызстандагы Панфилов дивизиясына өткөрүп берилди

2 / 3

Салтанатта Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири Самат Сейдалиев Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилеге токтолду

3 / 3

Эскерте кетсек, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленет

Салтанатта Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири Самат Сейдалиев Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилеге токтолду.
"Кезинде аталарыбыз, чоң аталарыбыз бир катарда туруп элдерибиздин эркиндигин коргосо, Жеңиштин 79 жылдыгынын алдында бир катарда туруп Эскерүү отун кабыл алуудабыз. Кыргызстандын жана Россиянын эли ынак дос болгон жана бул жылуу мамиле мындан ары да уланат деп ишендире алам", — деди ал.
Акциянын катышуучулары Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эстелигине гүл коюшту.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев дивизиянын командирине Рерихтин калыбына келтирилген "Жеңиш" картинасын тапшырды.
Эскерте кетсек, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленет.
Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат