БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Чет элдик ыктыярчы мугалимдер барган түнкү клубдан баңгизат аныкталып, эс алуу жайы жабылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү клубдун конокторунан белгисиз түркүн түстөгү таблеткалар, ошондой эле белгисиз жытсыз суюк зат салынган бөтөлкөлөр алынган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Клубга келгендер жогорку окуу жайларда ыктыярчы-окутуучу болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган. Баңгизат колдонгон деп шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилди. Алар синтетикалык баңгизат колдонгондорун ачык айтышты", — деп жазылат маалыматта.
Ички иштер органдарына клубдун администраторлору, тейлөө кызматкерлери жана коноктору тергөө жана түшүндүрүү иштери үчүн жеткирилип, алынган заттар экспертизага жөнөтүлгөнү кошумчаланды.
Учурда түнкү клуб жабылды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аталган жайдын ээсинин жоопкерчилиги каралмакчы.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клубдарда баңгизаттар табылып жатканын айткан. Ал түнкү клубдардын ээлерине жана мындай жайларды иштеткендерге мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскерткен.