7-майга карата аба ырайы

7 майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 7-май, жума күнү, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Ош, Жалал-Абад облустарында +25...+30, Баткен жергесинде +24...+29, Талас аймагында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +17...+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +26...+28, Ош шаарында+27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте 19-майда One Run жарым марафону өтөт