Адал индустриясы ЕАЭБдин талаптары камтылган жаңы мыйзам долбоорунун алкагында иш алып барат

Sputnik
Экономикажана коммерция министрлигине караштуу Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков Кыргызстанда КМШда алгачкылардан болуп 2015-жылы адал индустриясы боюнча концепция иштелип чыкканын белгиледи. Учурда «Кыргыз Республикасында адал индустрия жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.
Ал мыйзам долбоорунда ЕАЭБдин тех регламенттери да камтылган. Учурда аталган борбор сапаттуу өндүрүштү жолго салуу, экспорттоо маселелеринде бир катар маселелерди иретке келтирүүгө далалат жасоодо.