Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы шайланды — алдыда кандай реформа күтөт?

Sputnik
Жакында эле Улуттук жазуучулар союзунун XVI съезди өтүп, анын башкармалыгы, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү бекитилип, жаңы төрага шайланды. Биз бул уктурууда бирикменин ишмердүүлүгү, акын-жазуучулардын коомдогу орду, жаны өзгөрүүлөр, санариптештирүү, адабий сынактар тууралуу Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев менен маек курдук.