Электромобилдерге жашыл номер, ал эми анын ээлерине жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзамга кол койду — бул эмнени берет?

Sputnik
Президент Садыр Жапаров электромобилдерге жашыл номер, ал эми анын ээлерине жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзамга кол койду. Анда электр кыймылдаткыч менен жүргөн транспорт каражаттарын пайдаланууда жеңилдиктерди берүү жана аларды заряддоо инфраструктурасын түзүү каралган. Ошондой эле мамлекеттик каттоодо электромобилдерге атайын жашыл мамлекеттик каттоо белгилерин берүү киргизилген.
Дагы кандай жеңилдиктер каралганын Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жана коомдук ишмер, блогер Эртай Искаков жооп беришти.