Сузакта балдарды сүзүп кеткен Hyundai Porter автоунаасынын айдоочусу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту кабыл алган. "Окуядан кийин Ж.Б. аттуу адам ОИИБге жеткирилип, суракка алынып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылды", — дешти облустук милициядан. Эске салсак, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter автоунаасы жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Кечээ, 3-майда, алардын айрымдары Бишкекке алып келинген.
Кыргызстанда ушул жылдын биринчи кварталында 346 базар катталганын Улуттук статистика комитети билдирди. Белгилей кетсек, былтыркы жылдын биринчи кварталында бул сан 11ге аз болчу."346 базардын ичинен 56сы жекшемби күндөрү эле иштейт, ал эми 290у күн сайын соода кылган базарлар", — деп жазылат маалыматта.
Бак-дарактын түбүн күздө да, жазда да актоо керек. Бул тууралуу ландшафт дизайнери Ольга Воронова Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди. "Ал түшүндүргөндөй, дарактын дүмүрүн күздө актоо менен суук түшкөн маалдан коргойбуз. Себеби катуу суук болгондо анын кабыктарында жарака кетип, түрдүү инфекция кириши мүмкүн. Мындан улам дарак бара-бара куурап калышы ыктымал. Ал эми жазында бактериялык инфекциялар сөңгөктөн өйдө көтөрүлбөшү үчүн акташат", – деген Ольга Воронова. Мындан тышкары, дарактын түбүн актоо менен аны түрдүү зыянкечтерден да коргоого болот. "Дарак чоңбу, кичинеби, көлөмүнө карабай баарынын түбүн актоо сунушталат. Акиташ анын өсүшүнө эч кандай терс таасир бербейт", – деген эксперт. Ал ошондой эле аба өткөргөн, бирок жамгырда дароо жуулуп кетпей турган акиташ аралашмаларын тандап алуу сунушталарын кошумчалаган.
Мыктыбек Оролбай уулу Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан UFC 301 турниринде бразилиялык Элвес Бренерди ишенимдүү утту.Оролбай уулу үч раундда тең үстөмдүк кылып, калыстар 3:0 эсебинде жеңишти бир добуштан берди.Кыргызстандык мушкер өткөн жылдын ноябрь айында UFC уюмунда ийгиликтүү дебют жасаган. Ал келишим боюнча алдыда үч беттеш турганын айткан.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 88 сом 68 тыйынга 1 евро 95 сомго 1 рубль 95 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 64 сом 50 тыйындан баштап, 65 сом 90 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 71 сом 90 тыйындан, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.**Аба ырайы6-майга караган түнү күтүлүп жаткан локалдуу жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Дүйшөмбүдө бийик тоолуу райондорго кар түшүп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жеринде +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +23…+28, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +15…+20 градусту көрсөтөт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +26…+28 градус болот.