Бишкектин четинде КамАЗ жеңил машиналарды аралай сүздү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Жүк ташуучу автоунааны токтотууга мүмкүн болбой, ал жеңил машиналарды аралай сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
Окуя 4-май күнү Бишкек — "Манас" аэропорту жолундагы "Ганси" авиабазасында "ВМW 2024" иш-чарасынын ачылышында болжол менен саат 15:30да болгон.

"Алдын ала маалымат боюнча, "Манас" аэропорту — Мраморный жолунда жүк ташуучу КамАЗ батыштан чыгышты көздөй бара жаткан учурда токтотуучу системасы кармабай калып, жолдун жээгинде турган жеңил автокөлүктөрдү сүзгөн", — деп билдиришти милициядан.

Жол кырсыгы материалдык чыгымдарга алып келген, бирок жабыр тарткандар жок. Ал эми Honda Accord жана Mercedes үлгүсүндөгу машиналар Сокулук районундагы айып короого токтотулганын айтышты.
Сузакта балдарды сүзгөн жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу үй камагына чыгарылды