Жалал-Абадда жер титиреди

Министрлик жердин силкинүүсүнөн зыян келбегенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Өзбекстан менен чектешкен аймакта жер силкингенин ӨКМден билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-май күнү саат 14:16да Өзбекстан менен Кыргызстан чектешкен аймакта очогунда 3,5 магнитуда болгон жер титирөө катталган.
"Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан, Ажек, Ызар, Кара-Үңкүр айылдарында 3 балл, Ала-Бука, Ак-Коргон Достук айылдарында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөө Баястан айылынан 12 чакырым түштүк-чыгышта, Ызар айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Ажек айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Ала-Бука айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан", — деп жазылган анда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Башкы сейсмолог өлкөнүн сейсмикалык картасын жарыялады