БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Киевге Вашингтондун көрсөткөн жардамы Россиянын фронтто ийгилик жаратышына тоскоол боло албасын Жозеф Байдендин кеңешчиси Жейк Салливан айтканын РИА Новости жазды.
Салливан көрсөтүлгөн финансылык көмөккө карабастан Россия фронтто жигердүү болорун боолгологон.
Ошол эле учурда Байдендин кеңешчиси Украина 2025-жылы чабуулга өтүүнү пландап жатканын айтты. Басылма белгилегендей, Салливандын бул сөзү эгер Байден АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыкса Ак үй Украинадагы жаңжалдын өнүгүшүнө кандай карай турганын көрсөтүп турат.
2025-жылы Украинанын жаңы чабуулу Конгресстин каржылоосунун көбөйүшүнө жана Ак үйдүн жактыруусуна байланыштуу. Бирок мурдагы президент жана республикачылардан чыгып жаткан талапкер Дональд Трамп Украинага жардам көрсөтүүгө күмөндүү карап, жаңжалды сүйлөшүүлөр аркылуу тез арада токтотууга жана жөнгө салууга умтула турганын белгилеп келет.
Мурдараак АКШда Украина, Израиль жана Тайванга жардам берүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Тактап айтканда, Киевге көмөктөшүү боюнча мурдагы колдоого алынган программага ылайык, Украинага каралган 61 миллиард доллардын 23,2 миллиарды Пентагондун корун толтурууга жумшалат. 13,8 миллиарды Украинанын ачык рыноктогу аскердик сатып алууларына, ал эми 11,3 миллиард доллар "АКШнын аймактагы кезектеги согуштук операцияларын камсыздоого" кетет.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет.