"Рух-Ордодогу" комуздун элесин берген пирс. Президент сурамжылоо жүргүзүүдө

Мамлекет башчы көпчүлүктүн каалоосу сөзсүз эске алынарын, долбоорду өзгөртүүгө убакыт көп деле кетпестигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "Рух-Ордо" туристтик комплексинде салынып жаткан пирстин формасы боюнча сурамжылоо жасаган пост жазды.
Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттин карамагына өткөн "Рух-Ордо" туристтик комплексиндеги салынчу пирстин комуздун формасында болушуна сындар айтылып жатканын, аны өзгөртүүнү баракчасындагы добуштар чечерин билдирген.
1 / 3

Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "Рух-Ордо" туристтик комплексинде салынып жаткан пирстин формасы боюнча сурамжылоо жасаган пост жазды.

2 / 3

Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттин карамагына өткөн "Рух-Ордо" туристтик комплексиндеги салынчу пирстин комуздун формасында болушуна сындар айтылып жатканын, аны өзгөртүүнү баракчасындагы добуштар чечерин билдирген.

3 / 3

Объект мурда жакшы каралбай калгандыктан кунары кача түшкөнүн, быйыл оңдоо-түздөө иштеринен кийин, жакын арада туристтерди кабыл алып баштаарын айткан.

Объект мурда жакшы каралбай калгандыктан кунары кача түшкөнүн, быйыл оңдоо-түздөө иштеринен кийин, жакын арада туристтерди кабыл алып баштаарын айткан.
"Рух-Ордого" салынып жаткан эң чоң пирс комуздун түспөлүн көрсөтүп турат. Ортосунда боз үй формасында айнек ресторан болуп, анда улуттук тамактар гана берилерин айткан.
"Кыскасы, улуттук колоритибизди көрсөткөн туристтик комплекс кылалы деп иш баштаганбыз. Кечээ эле өзүм барып иштин жүрүшү менен таанышып келгем. Куруучулар быйылкы жайкы туристтик сезонго даяр кылууга сөз беришти. Бүгүн пресс-катчым телефон чалып "социалдык түйүндөрдө комуздун түспөлү түшүрүлгөн пирске катуу сын айткандар көп болуп жатат" деп билдирди. Ошондуктан жалпы коомчулуктан сурамжылоо кылам. Ким колдосо "ооба", ким колдобосо "жок" деп добуш бериңиздер. Көпчүлүктүн каалоосун сөзсүз эске алабыз", — деген Жапаров.
"Жок" дегендер көптүк кылып кетсе анда долбоорду өзгөртүп коюш "беш секундда" экенин да айткан.
Ысык-Көлдө Корумду — Балбай баатыр жолун реконструкциялоо башталды