Путин Гүлнара-Клара Самат менен Азымбакиевге Достук орденин ыйгарды

Россия президенти бул сыйлыкка алар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн арзыганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Владимир Путин Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты жана Кыргызстандын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевди Достук ордени менен сыйлады.
РФ лидеринин мамлекеттик сыйлык тууралуу жарлыгы Россиянын укуктук актылар жарыяланган расмий сайтына жайгаштырылды.
Ага ылайык, Россия президенти бул сыйлыкка алар эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон зор салымы үчүн арзыганын белгилеген.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Путин "Крокустагы" терактыда элди сактап калган Ислам Халиловго медаль берди