БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлиги Зеленский менен Порошенкону издөөгө алды. Бул тууралуу мекеменин базасынан белгилүү болгонун РИА Новости жазды.
"Владимир Александрович Зеленский (25.01.1978.) Кылмыш-жаза кодексинин беренеси боюнча изделүүдө", — деп айтылат Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин издөө базасында.
Анда издөө салынган адамдын туулган жери да көрсөтүлүп, Украинанын Днепропетровск облусунун Кривой Рог шаары деп турат.
Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко да изделип, туулган жылы жана жери 1965-жылдын 26-сентябры, Украинанын Одесса облусунун Болград шаары деп жазылып турат.
Мындан тышкары, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин командачысы Александр Павлюк издөөгө алынган.
Зеленский, Порошенко жана Павлюк изделип жаткан беренелер айтыла элек.
Май айында Ички иштер министрлиги бир нече украиналык саясий ишмерлерди издөөгө алган:
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Литвиненко;
Украинанын мурдагы юстиция министри Павел Петренко;
Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Валентин Налывайченко;
Украинанын мурдагы каржы министри Александр Шлапак;
Украинанын Улуттук банкынын мурдагы башчысы Степан Кубив.