БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Бишкек шаарында жана Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында жана түштөн кийин катуу шамал болот, андыктан жарандар сак болуусу керек. Мындай билдирүүнү ӨКМ таратты.
"Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон катуу шамал болот, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет", — деп айтылган маалыматта.