БИШКЕК, 5 -май. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 5-май — Конституция күнү менен куттуктаганын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы бул күн баарыбызды мыйзам ченемдерин урматтоого, адам укуктарын бийик коюуга, өз укуктарыбызды коргой билүүгө, ар бирибиздин коомчулук алдындагы өз милдеттерибизди сезүүгө үндөй турганын белгилеген.
Конституция күнү — элибиздин эркиндигинин, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн, жаратмандык менен мээнет кылуунун жана адилеттүү, өнүккөн коом куруунун майрамы.
"Баш мыйзамыбыздын укуктук маңызы гана эмес, руханий жана маданий мааниси да бийик. Элибиздин келечек мүдөөсү менен дүйнө таанымын чагылдырып, өлкөбүздүн өнүгүү багытын аныктоочу пайдубал катары кызмат кылат. Конституция – мамлекеттик жана жарандык биримдикти символдоштурган өзгөчө баалуулук. Бул баалуулукту барктай да, баалай да билүүгө тийишпиз. Баш мыйзамыбыздын ченемдерин кыйшаюусуз аткарууну сүйүктүү мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили катары кабылдашыбыз абзел. Биздин негизги милдетибиз Конституцияда камтылган баалуулуктарды карманып, анын ченемдерин бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү болуп саналат", — деген ал.
Мамлекет башчысы сөзүнүн соңунда баштаган реформалар жүзөгө ашып, көздөгөн максаттарга жетүүнү тилеп, бардык жарандарга ден соолук, бейпил жашоо каалаган.