"Эскерүү оту" бир нече шаарда жанды. Сүрөт

"Эскерүү оту" Ошко 4-майда таңга маал алып келинген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Ош, Кызыл-Кыя, Өзгөн жана Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган "Эскерүү оту" акциясы өттү.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган иш-чаранын жүрүшүндө Москвадан Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинип, өлкөдөгү ар бир шаарга жагылууда.
1 / 9

ш, Кызыл-Кыя, Өзгөн жана Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган "Эскерүү оту" акциясы өттү.

2 / 9

Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган иш-чаранын жүрүшүндө Москвадан Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинип, өлкөдөгү ар бир шаарга жагылууда.

3 / 9

"Эскерүү отун" түштүк облусуна 4-майда таңга маал Россия президентинин ишенимдүү адамы, актер Михаил Мамаев, "Элдик фронт" кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова, "Краснодар аймактык штабынын" мүчөсү Никита Костоправкин жеткирген.

4 / 9

Салтанаттуу иш-чараларга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, акимчиликтердин, шаар мэрияларынын башчылары, РФтин Оштогу Башкы консулдугунун, Россотрудничествонун, "Русский домдун" Оштогу өкүлчүлүктөрү, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери, Ардагерлер кеңешинен, коомдук, билим берүү уюмдары жана мектеп окуучулары катышкан.

5 / 9

"Эскерүү оту" эл аралык акциясынын алкагында жагылган оттун бөлүкчөсү ыктыярчылар тарабынан Кыргызстандын башка шаарларына өткөрүлүп берилип турат.

6 / 9

Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган "Эскерүү оту" акциясы

7 / 9

8 / 9

9 / 9

Ошко Москвадан Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди. Видео